КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 6-сентябрындагы №01-7/406 буйругу

2016-жылдын 28-декабрындагы №1/2 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө буйругун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун 2018-жылдын 18-июлундагы № 15-2576 тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Респуб ликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, буйрук кылам:

1. 2016-жылдын 28-декабрындагы №1/2 Кыргыз Республиксынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендерди иштетүүдө жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө буйругун күчүн жоготту деп таануу.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын иштетүү башкармалыгына жана Жер казынасын пайдалануу боюнча саясат башкармалыгына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн жана аны мамлекеттик каттоого Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.А.Сапаралиевге тапшырылсын.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул буйруктун көчүрмөсүн, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

               Төрага                                                                      У.Д.Рыскулов

Тиркемелер

Басып чыгаруу