Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүнүн айрым бөлүнүштөрүнүн жана мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» жана 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыктарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
- 1, 8-пункттарындагы «, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо» деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы «Экономика жана финансы» деген сөздөр «Финансы» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктунда:
1-пунктчасында:
төртүнчү абзацындагы «, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо» деген сөздөр алып салынсын;
тогузунчу жана жыйырма үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
он сегизинчи жана жыйырма тогузунчу абзацтарындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Өкмөтү» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктчасынын он төртүнчү абзацындагы «, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо» деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктунда:
сегизинчи, онунчу, жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
он жетинчи абзацындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун экинчи абзацындагы «статс-катчынын» деген сөз «министрдин биринчи орун басарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча же анын сунушу жок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.»;
- 14-пунктундагы «Статс-катчы» деген сөз «Министрдин биринчи орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пунктунда:
онунчу абзацындагы «Премьер-министрине» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– билим берүү башкармалыктарынын аймактык органдарынын жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш берет;»;
он үчүнчү абзацындагы «Премьер-министринин» деген сөз «Президентинин» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Министрликте кызмат орду боюнча министрдин (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлүнүн, ошондой эле билим берүү жана илим системасындагы башка жетекчи кызматкерлердин курамында 15 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.»;
2. жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасы бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров