КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтому

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  12-октябрындагы № 425 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкаруу схемасы  2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укук улантуучусу болуп саналары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду болуп кайра аталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   2021-жылдын 10-мартындагы № 88 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 139 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын  10-мартындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо.doc

Төрага                                                                            А.У. Жапаров