КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 273 токтому

Жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө 

Жогорку медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайларынын санынын кескин өсүшүнөн улам Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү медициналык кадрларды даярдоодо түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 1-январына чейин жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө билим берүү ишин лицензиялоо
 жол-жобосун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин.  

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                             А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу