Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө
«Семетей» турак жай конушунун тургундарын жер участоктору менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 91 токтомун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айылдык аймагынын 2018-жылдын 20-февралындагы № 5 токтомун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 149-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 17-апрелиндеги № ЭА-05-340 жана № ЭА-05-339 корутундуларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Атбашы айыл аймагынын № 33 контурунда жайгашкан 335,4 га жер «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
2. «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогунун курулушунун башкы планын иштеп чыгууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылоону камсыздоо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев