Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин башкаруу схемасы 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын уставы 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пунктунун 19 жана 29-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда аталган токтомдун 19 жана 29-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 108 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:
– өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
– ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров