КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 411 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 “Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Саламаттык сактоо жаатындагы адистерди даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 “Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ординатура жөнүндө жободо:

- 3-пункту “каралган медициналык” деген сөздөн кийин “жана фармацевттик” деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Ординатуранын милдети билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жана практикадан өтүп жаткан адистердин теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.”;

- 5-пунктунда:

төртүнчү абзацындагы “сактоо” деген сөз “сактоонун билим берүү жана илим-изилдөө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:

“- практикалык база – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан практикалык база катары аныкталган, фармацевттик кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыздоочу саламаттык сактоо уюму;

- клиникалык насаатчы – ординатордун даярдыгына жооптуу болгон клиникалык/практикалык базанын квалификациялуу медициналык же фармацевттик кызматкери;”;

бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

сегизинчи абзацтагы “бир багыттагы адистешкен врач (бир багыттагы адис)” деген сөздөр “бир багыттагы адистиктеги врач” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пунктундагы “4” деген цифра “6” деген цифра менен алмаштырылсын;

- 9-пункту “врачтар” деген сөздөн кийин “жана фармацевттер” деген сөздөр менен толукталсын;

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“15. Адисти даярдоо талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ординатурада даярдоо мөөнөтү төмөнкүдөй:

- “Жалпы практиканын дарыгери/үй-бүлөлүк дарыгер” адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес;

- “Педиатр дарыгери” адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес;

- дарылоо ишинин бир багыттагы адистиктери, педиатрия боюнча - медициналык адистиктин профилине жараша 3 жылдан 4 жылга чейин. Мында биринчи окуу жылынын программасы жалпы дарыгердик практика боюнча даярдоо программасына шайкеш келет;

- стоматология, медициналык-профилактикалык иш адистиктери жана теориялык дисциплиналар боюнча – адистиктин профилине жараша 1 жылдан 2 жылга чейин;

- фармацевттик адистиктер боюнча – 1 жылдан 2 жылга чейин. Мында фармацевттик адистиктер боюнча дипломдон кийинки даярдоо милдеттүү болуп саналбайт.”;

- 18-пункту “клиникалык жетекчинин” деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү “/насаатчынын” деген сөз менен толукталсын;

- 22-пунктундагы “жана фармацевттик” деген сөздөр алып салынсын;

- 26-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- 29-пунктундагы “жетекчи” деген сөз “насаатчы” деген сөз менен алмаштырылсын;

- “30-пунктунда “жетекчи катарында” деген сөздөр “насаатчы катарында, ошондой эле билим берүү жана илим-изилдөө уюмдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 32-пунктунда:

“деңгээлдеги” деген сөз “деңгээлдердеги” деген сөз менен алмаштырылсын;

“жиберет” деген сөздөн кийин “, ошондой эле ординаторлорду даярдоого мониторинг жүргүзүү жана клиникалык насаатчыларды жеринде окутуу үчүн клиникалык жетекчилердин региондук клиникалык базаларга чыгуусун камсыздайт” деген сөздөр менен толукталсын;

- 33-пунктундагы “жетекчиликти” деген сөз “насаатчылыкты” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу