Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 17-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Өкмөттүн кезексиз жыйындарын өткөрүү, ошондой эле Өкмөттүн кезектеги жыйынында кошумча (пландан тышкаркы) маселелерди кароо ушул Регламенттин 33-пунктунда каралган тартипте ишке ашырылат.»;
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезексиз жыйыны чакырылышы же болбосо Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселелер киргизилиши мүмкүн.
Эгерде Өкмөттүн кезексиз жыйынын чакыруу же болбосо Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселени киргизүү жөнүндө чечим жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынса, анда маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик орган 3 календардык күндөн кечиктирбестен Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкүлөрдү киргизет:
- мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдын жетекчиси же анын ордун алмаштыруучу адам виза койгон, коомдук талкуулоо жол-жоболорун өткөрүү, жөнгө салуучу таасирин талдоо шарттары сакталган (зарыл болгон учурда) чечимдин долбоорун;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын ордун алмаштыруучу адамдын колу коюлган чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкатты;
- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- жыйынтыктоочу таблицаны, анда бардык эске алынган же эске алынбаган сунуштар менен сын-пикирлер (негиздемеси менен) көрсөтүлөт, ошондой эле долбоордун сын-пикирлерсиз макулдашылганы белгиленет;
- электрондук алып жүрүүчүнү.
Чечимдин долбоору Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, тышкы саясат жана эл аралык коомдук укук бөлүгүндө мамлекеттер аралык кызматташуу маселелери боюнча - Тышкы иштер министрлигинин оң корутундусу болгон учурда гана Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна киргизилет.
Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана жыйындын катышуучулары үчүн материалдарды түзөт жана жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 1 календарлык күндөн кечиктирбестен аларды жыйындын катышуучуларына жиберет.
Өкмөттүн киргизилүүчү чечиминин долбоорунун сапаты жана мазмуну (мамлекеттик жана расмий тилдерде) үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
Кезектеги жыйынды өткөрүү, чечим кабыл алуу жана протоколду түзүү кезектеги жыйындар үчүн аныкталган тартипте ишке ашырылат.»;
- 331-3311-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 51-пунктунда:
алтынчы жана сегизинчи абзацтарындагы «эл аралык кызматташуу» деген сөздөр «эл аралык коомдук укук бөлүгүндө мамлекеттер аралык кызматташуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«иш чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттик органдар менен;»;
- 59-пунктунда:
он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) макулдашуучу мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон коштоочу катта (корутундуда) макулдашуудан баш тартуунун себеби жүйөлөнүп көрсөтүлөт, долбоорго карата сын пикирлер жана сунуштар, ошондой эле аларды жоюу жана эске алуу боюнча сунуштар милдеттүү түрдө баяндалат. Мында макулдашуу барагына кол коюлбайт.»;
он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 60-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«60. Чечимдин долбоорун макулдашуунун жыйынтыгы боюнча иштеп чыгуучу орган тарабынан макулдашуучу мамлекеттик органдардын бардык сын пикирлери жана сунуштары өзүнүн деңгээлинде иштелип чыгат жана жоюлат. Жеткире иштелип чыккан чечимдин долбоору чечимдин долбооруна карата сын пикирлери жана сунуштары болгон бардык макулдашуучу мамлекеттик органдар менен кайрадан макулдашылат.»;
- 601-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:
- 61-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«61. Иштеп чыгуучу орган менен мамлекеттик органдардын ортосунда консенсуска жетишилбегенде чечимдин долбоору Өкмөттүн Аппаратына киргизилбейт.
Иштеп чыгуучу орган менен мамлекеттик органдардын ортосунда консенсуска жетишилбегенде иштеп чыгуучу орган тейлеген вице-премьер-министрге же Премьер-министрге Өкмөттүн чечиминин долбоорун демилгелөөгө колдоо өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мында коштоочу катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана мамлекеттик органдардын жүйөлөрү менен макул эместигинин себеби жөнүндө маалымат чагылдырылышы керек. Чечимдин долбооруна макулдашуу кеңешмесинин протоколунун көчүрмөсү да тиркелет, ага иштеп чыгуучу органдын жетекчиси жана сын пикирлери жана сунуштары бар макулдашуучу мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет. »;
- 68-пунктунун биринчи абзацы «долбоору» деген сөздөн кийин «Өкмөттүн тогуздан кем эмес мүчөсү менен макулдашуу шартын кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын;
- 69-пунктунда:
он биринчи жана он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма экинчи абзацындагы «(жыйынтыктоочу таблицадан тышкары, ал мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн)» деген сөздөр алып салынсын;
- 131-пунктунун экинчи абзацындагы «биринчи» деген сөз «тейлеген» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев