КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15- ноябрындагы №262 токтому

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинин айрым маселелери жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана 0жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;

-  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департамент жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;

-  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобо 11-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө жобо 12-тиркемеге ылайык;

-  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобо 13-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борбору» мамлекеттик ишканасынын уставы 14-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасынын уставы 15-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Авиациялык издөө-куткаруу кызматы» мамлекеттик ишканасы түзүлсүн жана анын Уставы 16-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын  18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун экинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын  5-мартындагы № 130 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  12-июнундагы № 406 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттик жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 407 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жөнүндө» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 170 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун маселелери» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 484 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 489 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 131 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы «Авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 181 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун ишин тартипке келтирүү жөнүндө» токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн. 

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Төрага                                                                           А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу