КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415 токтому

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын эркин жалданган жана жарандык персоналына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 “Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-   1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Ушул токтом эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен жөнгө салынган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына карата колдонулбайт.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-   1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Ушул токтом эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен жөнгө салынган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына карата колдонулбайт.”

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу