КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 токтому

Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик каттоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө

«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 11, 12-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн мамлекеттик каттоо тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2020-жылдын 31-декабрына чейин дары препаратты мамлекеттик каттоо, мамлекеттик каттоосун ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык же Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоо жана экспертизалоо эрежелерине ылайык жүргүзүлүшү;

- сапат боюнча ченемдик документке коюлган талаптардан сырткары, аталган Тартипте колдонулуучу документтерге жана дары препаратты каттоо досьесинин маалыматтарына жана дары препаратты медициналык колдонуу боюнча нускамага Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 1 жана 4-тиркемелеринде белгиленген талаптардын коюлушу;

- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык берилген дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүктөрүнүн жарактуу мөөнөтү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок 2025-жылдын 31-декабрынан кеч эмес сакталышы;

- Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 119  чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин фармакопеяларын шайкеш келтирүү концепциясынын VII бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык Европа фармакопеясынын талаптары биринчи деңгээлдеги негизги фармакопея катары, Британия фармакопеясынын, АКШ фармакопеясынын талаптары экинчи деӊгээлдеги фармакопеялар катарында таанылат. Биринчи жана экинчи деңгээлдердеги фармакопеяларда тиешелүү макала (лар) (монографиялар) болбогон учурда,  жалпы таанылган чет өлкөлүк фармакопеялардын, стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин фармакопеяларынын макалаларынын (монографияларынын) колдонулушу;

- дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн маркалоо Евразия экономикалык комиссиясынын кеӊешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 76 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн жана ветеринардык дары каражаттарын маркалоо талаптарына ылайык жүргүзүлүшү;

- дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөр Евразия экономикалык комиссиясынын кеӊешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 79 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай клиникалык практикасынын эрежелерине ылайык өткөрүлүшү;

- дары каражаттарына клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр (сыноолор) Евразия экономикалык комиссиясынын кеӊешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 81 чечими менен бекитилген Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай лабораториялык практикасынын эрежелерине ылайык өткөрүлүшү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө регламентте:

-  3, 4, 11-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 14-главасынын 280-390-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Регламенттин 7, 8, 19-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                         М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу