КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-августундагы № 398 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:

- 24-пунктундагы 11-1) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11-1) мамлекеттик маанидеги спорттук, маданий, илимий жана башка  иш-чараларга катышуу үчүн чет өлкөлүк делегациялардын мүчөлөрүнө, алардын Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн мезгилине карата визаларды тариздөөдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу