КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №298 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 “Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Тарифтик эмес жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 141 “Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Мурда пайдаланылган, алып жүрүүчүлөргө салынган, ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясындагы катализаторлорду; металлдарды камтыган, металлды бөлүп алуу үчүн же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу болгон, иштетилген катализаторлордогу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясындагы шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды; иштетилген катализаторлордо камтылган, негизинен баалуу металлдарды бөлүп алуу үчүн пайдаланылуучу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясындагы палладийдин, родийдин жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын; ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясындагы катализаторлор болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) 2022-жылдын 13-мартына чейин убактылуу тыюу салуу белгиленсин.”; 

– 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы:

– товардын аталышын, ошондой эле ТЭИ ТН кодун жетекчиликке алуу менен контроль жүргүзсүн;

– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                                                                                А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу