КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №297 токтому

“Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 5 “Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу
 менен “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коому (мындан ары – “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААК) түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

– “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКтын уставдык капиталы бир акциясы 100 (бир жүз) сом номиналдык наркы менен 1000000 (бир миллион) жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 100000000 (жүз миллион) сом өлчөмүндө аныктоо менен “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКтын уюштуруучусу катары чыксын;

– “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКтын уставын бекитсин;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4954-VI “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө” токтому менен бектилген бюджеттик параметрлердин чегинде 2021-жылга республикалык бюджетке тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизсин; 

– 2022-жылы “Улуу көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКын уставдык капиталын өлчөмүн 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сомго чейин жеткирсин;

– “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;

– баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын;

– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 299-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун үчүнчү абзацындагы “2 500 000 000,0 (эки миллиард беш жүз миллион)” деген сандар жана сөздөр “2 400 000 000,0 (эки миллиард төрт жүз миллион)” деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5.Бул токтом жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                                                 А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу