КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №299 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Металл куюу өнөр жайынын объекттерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен жабдуу жана энергия менен жабдуучу ишканалардын тиешелүү чыгымдарын камсыз кылуу максатында, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына жана “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:

– 3-главасынын жыйырманчы абзацындагы “1,5 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр “2,0 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр менен алмаштырылсын; 

– Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:

12-пунктунун бүткүл тексти боюнча “1,5” деген цифралар “2,0” деген цифралар менен алмаштырылсын;

 – Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-тиркемесинде:

6-пунктунун 10-пунктчасындагы “1,5 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр “2,0 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр менен алмаштырылсын;

66-пунктундагы “1,5 жогорулатылган коэффициентке” деген cөздөр “2,0 жогорулатылган коэффициентине” деген cөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги “Куюучу, эритүүчү цехтер” керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                            А.У. Жапаров

тиркеме