КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 402 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2011-жылдын 1-мартындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Банк системасындагы атаандаштык чөйрөнүн шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканаларынын акча каражаттарынын коромжу болуу опурталын минималдаштыруу максатында жана анын сакталышы үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Социалдык фонду жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы жана бүткүл текстиндеги “агымын” деген сөз “каражаттарын” деген сөз менен алмаштырылсын.

- 1 пунктунда:

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү” жободо, жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка  ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун конкурстан мурдагы 12 айдын ичинде баардык отчеттук датага карата (ай сайын) аткаруу;

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- коммерциялык банктарга карата конкурстан мурдагы 12 айдын ичинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” жана “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулбаганы;

- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- акыркы үч жылдын ичинде жыл сайын кирешенин болушу”;

- жетинчи абзацындагы “(учурдагы жана мурдагы)” деген сөздөр алып салынсын, “акыркы эки жылда” деген сөздөргө чейин “конкурстан мурдагы” деген сөздөр менен толукталсын:

- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле башка кредиторлорго жана контрагенттерге төлөнө элек, мөөнөтү өткөн береселеринин жоктугу;”

- он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“ -эсептерди ачуу жана иштетүү, төлөм карталарды чыгаруу жана тейлөө, банк ичиндеги жана банктар арасындагы төлөмдөрдү жана башка кызматтарды ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленген коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер”;

- он үчүнчү абзацы “банктык системанын” деген сөздөрдөн кийин  “, конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата” деген сөздөр менен толукталсын;

- он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата жеке адамдардан депозиттерди тартууга, жеке жана юридикалык жактарга алыш-бериш эсептерди ачууга, кредит берүүгө тыюу салуу же чектөөлөрдүн  жоктугу”;

- 3-пункту “фонддун каражаттарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоодо” деген сөздөрдөн кийин “, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге салгандан башка учурларда,” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                   М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу