Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күжүрмөн туусун жана символдук белгисин жасоого байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын чегинде каржыланаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-декабрындагы № 756 “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын туусунун сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. тиркеме
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев