КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы №327 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик  органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

1) «Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында» III бөлүмүндө:

- 19-главасы (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринен Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу (2006-жылдагы үлгүсү) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 22-главасы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк берүү) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 27-главасы (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо: никеге турууну каттоо жана никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү берүү; соттон тышкаркы тартипте ажырашуу жана ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк берүү (тараптардын ар бирине); фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу материалды каттоо жана тариздөө; туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда 36-глава менен толукталсын;

- ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда 48-глава менен толукталсын;

2) «Маалымат берүү тармагында» V бөлүмүндө:

- 16-главасы (5 бетке чейинки көлөмдөгү документтерди суратып алдыруу) ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Төрага                                                                              А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу