Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында социалдык объекттерди куруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин
20-статьясына жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-ноябрындагы № НА-05-1115 корутундусун жана Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2-Т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында № 484 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 18 га айдоо жери социалдык мекемелерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
– жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров