2018-2019-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарындагы адистиктердин тизмегин жана окууга кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- 2018-2019-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарындагы адистиктердин тизмегин жана окууга кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук билим берүү уюмдары боюнча 2018-2019-окуу жылына бюджеттик негизде окугандарды кабыл алуу планын бекитсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев