Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 “Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Пробация органынын ишин так регламенттөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 “Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– 221-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“221. Кардардын башка административдик-аймактык бирдиктин аймагына көчүп кетүүсүнө байланыштуу жашаган жери өзгөргөн учурда кардар бул жөнүндө жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирет.
Жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкери кардардын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде “Пробация” АМСине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кабарлоо жиберет жана ушул Тартиптин 192-пунктуна ылайык мурдагы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөн өздүк ишин талап кылат.
Пробациянын кардарынын жашаган жеринин өзгөрүшүнүн билдирүү мүнөзүнө жаза өтөө жери боюнча пробация органында каттоодо турган мезгилде 6 айдын ичинде бир жолу жол берилет.
Кардардын жашаган жери 6 айдын ичинде бир жолудан көп өзгөрүлсө, аймактык бөлүмдүн кызматкери “Пробация” АМСине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга билдирүү жиберет. Өздүк иш ушул Тартиптин 192-пунктуна ылайык жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жиберилүүгө тийиш.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров