КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №345 токтому

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу жана коопсуздугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Тиешелүү штаты, материалдык-техникалык базасы жана финансылык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси болуп кайра аталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. 

3. Төмөнкүлөр белгиленсин: 

1) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналаары; 

2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы төмөнкүлөрдүн укук улантуучусу болуп саналаары: 

– автомектептерди лицензиялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин; 

– автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жаатындагы ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинин; 

3) “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин, анын ичинде тейлөөчү кызматкерлердин (техникалык тейлөө персоналы) эмгек акысын төлөө белгиленген колдонуудагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык жүргүзүлөрү. 

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жаатындагы ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү функцияларын тиешелүү штаты, материалдык-техникалык базасы жана финансылык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин. 

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги автомектептерди лицензиялоо чөйрөсүндөгү функцияларын тиешелүү документтери менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин. 

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

1) эки айлык мөөнөттө: 

– түзүмдөрүн жана штаттык ырааттамаларын ушул токтомго ылайык келтирсин; 

– бөлүштүрүү баланстарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;

– ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук жана башка актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин; 

2) ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу
 иш-чараларын жүргүзүү боюнча комиссияларды түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүнү уюштурсун; 

3) штатты өткөрүп берүүдө мамлекеттик кызматтын, эмгек ишмердигинин түрлөрүн өтөө өзгөчөлүктөрүн сактоону эске алуу менен өткөрүлүп берилген функцияларды аткаруу үчүн ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери которулууга тийиш экендигин эске алсын; 

4) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; 

5) жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылсын; 

6) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн. 

7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишин лицензиялоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөө менен аталган функцияны киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин. 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

– 10-пунктунда: 

2-пунктчасынын экинчи абзацы “ишин” деген сөздөн кийин “(транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын; 

3-пунктчасынын сегизинчи абзацы “иши” деген сөздөн кийин “(транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын; 

4-пунктчасынын алтынчы абзацы “лицензиялардын” деген сөздөн кийин “(транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) боюнча ишти кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын. 

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо: 

1) 13-пунктунда: 

– 1-пунктчасынын отуз тогузунчу абзацы “лицензияларды” деген сөздөн кийин “(автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын; 

– 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы “лицензияларды” деген сөздөн кийин “(автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын; 

2) 14-пункту: 

– расмий тилдеги текстинин он биринчи абзацы “лицензии” деген сөздөн кийин “(за исключением лицензий в сфере пассажирских перевозок автомобильным транспортом)” деген сөздөр менен толукталсын; 

– мамлекеттик тилдеги текстинин он экинчи абзацы “лицензияларды” деген сөздөн кийин “(автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү лицензияларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын. 

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-пунктунун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 

2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жободо: 

– 1 жана 8-пункттарындагы “автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды,” деген сөздөр алып салынсын; 

– 10-пунктунда: 

1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды,” деген сөздөр алып салынсын; 

“г” пунктчасынын үчүнчү абзацындагы, “ж” пунктчасынын экинчи абзацындагы “, автомототранспорт каражаттарын, алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды” деген сөздөр алып салынсын; 

 “з” пунктчасынын сегизинчи, тогузунчу абзацтары жана “и” пунктчасынын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;  

– 12-пунктунун 13-пунктчасындагы “жана транспорт каражаттарын” деген сөздөр алып салынсын. 

3) аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун
 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

4) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын. 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
 9-ноябрындагы № 734 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:

1) 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (мындан ары – ИИМ ЖКККББ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүгү болуп саналат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында атайын инспекциялык, контролдук, көзөмөлдүк жана уруксат берүүчү функцияларды, ошондой эле автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик контролдоо жана лицензиялоо боюнча функцияларды, транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутууну (кайра окутууну) жүзөгө ашырган автомектептердин ишин лицензиялоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.”; 

2) 5-пунктунун 3-пунктчасындагы “жоруктарды жана бузууларды” деген сөздөр “укук бузууларды” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

3) 6-пунктунда: 

– 3-пунктчасындагы “жана жоруктардын” деген сөздөр алып салынсын; 

– 9-пунктчасынын бүтүндөй тексти боюнча “бузуулар” деген сөз “укук бузуулар” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

– төмөнкүдөй мазмундагы 28 – 29-пунктчалар менен толукталсын: 

“28) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти мамлекеттик контролдоону жана лицензиялоону жүзөгө ашырат; 

29) автомектептердин ишин лицензиялоону жүзөгө ашырат.”; 

4) 7-пунктунда: 

– 4-пунктчасындагы “бузуу” деген сөз “укук бузуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

– 16-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“16) “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык күч колдонууга, атайын каражаттарды, куралды (атайын техниканы) колдонууга;”; 

– төмөнкүдөй мазмундагы 26-пунктча менен толукталсын: 

“26) транспорт каражаттарынын тиешелүү документтеринин болушуна, жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу жана автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу бөлүгүндө автомобиль транспорту жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды аныктоо үчүн экипировканы текшерүүнү жүргүзүүгө.”; 

5) 10-пунктундагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

6) 12-пунктундагы “ички иштер органдарынын ишин” деген сөздөр “укук коргоо органдарында кызмат өтөө шарттарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

7) 13-пунктунун он биринчи абзацындагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 

– 7-пунктундагы “1018”, “932” деген цифралар “988”, “902” деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын; 

– 13-пунктундагы “1300”, “131”, “1169” деген цифралар “1293”, “127”, “1166” деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын. 

13. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин. 

14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

15. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Төрага                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу