Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана кыш заводун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 33 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 6 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 3-июлундагы № 17-Т-1 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 1-августундагы № 149 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айыл аймагында жайгашкан № 454 контурдагы 2,26 га кайрак айдоо жерлери кыш заводун куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык төлөөнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев