КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №343 токтому

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:      

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы, преамбуласындагы жана 1-пунктундагы “Өкмөтүнө караштуу” деген сөздөр “Финансы министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;          

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

аталышындагы, 1-пунктундагы “Өкмөтүнө”  деген сөз “Финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 2-пунктунда:

бүткүл тексти боюнча  “Өкмөтүнө караштуу” деген сөздөр “Финансы министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Фондду каржылоого каралган каражаттардын отуз пайызы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддоруна министрликтердин борбордук аппараттарынын штаттык санына ылайык каражаттарды пропорционалдуу бөлүштүрүү менен жөнөтүлөт деп белгиленсин.”;

– 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 221 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:    

1) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик салык кызматынын органдарынын Социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун каржылоого каралган каражаттардын отуз пайызын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддоруна министрликтердин борбордук аппараттарынын штаттык санына ылайык каражаттарды пропорционалдуу бөлүштүрүү менен жөнөтөт деп белгиленсин.”; 

2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:   

 2-пунктундагы “отуз” деген сөз “отузга чейинки” деген сөздөр менен алмаштырылсын.                                                                                  

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу