Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-мартындагы № 120 токтомун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 77-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 56-б буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 781 жана № 782 контурларындагы аянты 15,0 га болгон сугат айдоо жер участогу көрүстөндү жайгаштыруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев