Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин иретке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө жободо:
– аталышындагы “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары – Реабилитациялоо борбору) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп саналат.”;
– 3-пунктунда:
бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору”;
– расмий тилде: “Центр реабилитации лиц с инвалидностью при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.”;
сегизинчи, тогузунчу абзацтарындагы “ДМЧАРБ”, “ЦРЛОВЗ” деген аббревиатуралар “МБА РБ”, “ЦР ЛИ” деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
– 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Реабилитациялоо борборун министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.”;
– 10-пунктундагы “статс-катчынын” деген сөз “Реабилитациялоо борборунун директорунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 16-пунктундагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин укук улантуучусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин тиркелген Уставында:
– аталышындагы жана 1-пунктундагы “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Мекеменин толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси”;
– расмий тилде: “Республиканское учреждение протезно-ортопедических изделий при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.”;
– 11-пунктунун биринчи абзацындагы “өзү өндүрүүчү продукцияга” деген сөздөр “өзү өндүрүүчү буюмдарга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 14-пунктунда:
экинчи абзацындагы “чет өлкөлүк” деген сөздөр “заманбап” деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы “заказчыга маалымкат берет” деген сөздөр “маалымдайт” деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– протездик-ортопедиялык буюмдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын муктаждыктарына ылайык талаптагыдай сапатты жана комплекттүүлүктү сактоо менен жасоону камсыздайт;
– кресло-коляскаларды чогултууну, сактоону жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөргө берүүнү Министрликтин разнарядкасы боюнча ишке ашырат;”;
– сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– мекеменин өндүрүштүк кубаттуулугун максималдуу пайдаланат, чыгарылып жаткан буюмдардын сапатын жогорулатат, заказчылардын сунуштарына жана керектөөлөрүнө ылайык өзү чыгарган буюмдарды өркүндөтүп турат;”;
он экинчи абзацындагы “продукция” деген сөз “буюмдарды” деген сөз менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацындагы “мыйзамдарда каралган” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 15-пунктунда:
бешинчи абзацындагы “өндүрүлгөн продукцияга” деген сөздөр “өндүрүлгөн буюмдарга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– күнүмдүк оңдоого, курулуш-монтаждоо башкармалары менен капиталдык оңдоого келишимдерди түзүүгө;”;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“– тажрыйба алмашуу боюнча профилдик ата мекендик жана чет өлкөлүк ишканалар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга.”;
– 19-пунктундагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 25-пунктунун үчүнчү абзацындагы “кирешелер” деген сөз “каражаттар” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“27. Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык ишинен алынган каражаттар анын толук карамагына түшөт. Мекеме өндүрүштүк-чарбалык иштен алынган каражаттарды чыгымдоо багыттарын кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык өз алдынча аныктайт.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 2-пунктунун экинчи абзацындагы “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жободо:
– аталышындагы жана 1-пунктундагы “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 6-пунктунун үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору” мекемеси;
– расмий тилде: “Учреждение “Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.”;
– 11-пунктунда:
он экинчи, он үчүнчү, он сегизинчи абзацтарындагы “Социалдык өнүгүү” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 12-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– күбөлөндүрүүдөн өтүүчү адамдарды диагнозун тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо, кошумча медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн дарылоо-профилактикалык мекемелерине, ошондой эле медициналык-социалдык реабилитациялоо борборлоруна жиберүүгө;”;
– 13-14-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында түзүлөт.”;
14. Борбордун жогору турган органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги саналат.”;
– 15-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөр “министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 16-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы “борбордук аппараттын кызматкерлерине” деген сөздөр “Борбордун борбордук аппаратынын кызматкерлерине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Борбордун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жана райондор аралык, шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын кызматтык нускамаларын бекитет;”;
– 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон адам бир үч жылдык мөөнөткө дайындалат.”;
– 22-пунктундагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 406 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 2-пунктундагы “жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы” деген сөздөр “, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-пунктундагы “Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы” деген сөздөр “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
– аталышындагы “жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы” деген сөздөр “, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук мекемеси болуп эсептелет.”;
– 3-пунктунун бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемеси”;
– расмий тилде: “Государственное учреждение “Центр “Телефон доверия для детей” при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.”;
– 7-пунктундагы “укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды чогултат жана аларды балдарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган органдарга жана мекемелерге жиберет” деген сөздөр “, жарандардын укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды чогултат жана аларды балдарды, жарандарды коргоо боюнча иштерди жүзөгө ашырган, ошондой эле социалдык кызматтарды көрсөтүүчү органдарга жана мекемелерге жиберет” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 9-пунктундагы “жардам көрсөтүү” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар боюнча жарандарга консультацияларды берүү” деген сөздөр менен толукталсын;
– 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“– турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар жөнүндө телефон аркылуу абоненттерге консультация берүү.”;
– 11-пункту “психологиялык” деген сөздөн кийин “жана консультациялык” деген сөздөр менен толукталсын;
– 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Борбордон билдирүү алган органдар жана мекемелер ыкчам түрдө чара көрүшөт жана чечимдерди кабыл алышат, тиешелүү жардам көрсөтүшөт же абоненттин маселесин же көйгөйүн чечүү боюнча консультацияларды беришет. Кароонун жыйынтыктарын жазуу жүзүндөгү, айрым учурларда оозеки түрдөгү жоопту Борборго беришет.”;
– 21-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– абоненттерге сапаттуу консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү;”;
– 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. Борборду балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу директор жетектейт.”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1, 2, 6-пункттарындагы “жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы” деген сөздөр “, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин уставы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү”;
– 2-главасындагы “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген” деген сөздөр “Майыптыгы бар” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров