КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы №359 токтому

Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтүү жана жөнөкөйлөштүрүү, алкоголдук жана тамеки продукцияларын же алардын таңгактарын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдерин апробациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-жылдын 10-январынан тартып 2022-жылдын 30-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү жана/же ыктыярдуу маркалоого тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу механизми пилоттук (эксперименттик) режимде (мындан ары – пилоттук долбоор) төмөнкү мөөнөттөрдө киргизилсин:

1) тамеки буюмдарына - 2022-жылдын 10-январынан тартып;

2) алкоголдук продукцияга - 2022-жылдын 1-февралынан тартып.

2. Кыргыз Республикасында акциз салыгын санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Пилоттук долбоорду өткөрүү үчүн жооптуу болуп ыйгарым укуктуу салык органы аныкталсын.

4. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкаруу максатында “Товарларды маркалоо” мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграциялоо үчүн өздөрүнүн маалыматтык системаларын толуктап иштеп чыксын;

2) салык төлөөчүлөрдүн акциз салыгын төлөгөндүгү жөнүндө автоматташтырылган, үзгүлтүксүз жана оперативдүү маалымат алмашууну камсыз кылуу максатында өздөрүнүн маалыматтык системаларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматтык системасы менен интеграциялоону камсыз кылсын;

3) Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүнү ишке ашырган ишкердик субъекттеринин арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн. 

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, ыйгарым укуктуу салык органы жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган өткөрүлгөн пилоттук долбоордун натыйжасы боюнча акциз салыгын башкаруу тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган тиешелүү актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 10-январынан тартып күчүнө кирет.

Төрага                                                                             А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу