КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №317 токтому

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө

Аткаруу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана   миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти  жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык камсыз кылуу департаментинин укугун улантуучусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 9 пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 3 пунктунун экинчи абзацы жана 8 пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын   30-декабрындагы № 726 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомунун 3 пункту.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирилсин;

- бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                                                                             А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу