КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №349 токтому

Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84, 85-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама 1-тиркемеге ылайык;

2) Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Төрага                                                                                   А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу