Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87,
92-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;
2) төмөнкү мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы:
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 1 – № 28, № 30 – № 48, № 50 – № 52, № 954 – № 960 жол тейлөө мекемелери;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы” мамлекеттик ишканасы;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун башкармалыгы” мекемеси;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолдорунун башкармалыгы” мекемеси;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Ош-Баткен-Исфана автомобил жолунун башкармасы” мекемеси;
– “Жалал-Абад курулуш башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы;
– “Мамлекеттик жол-оңдоо курулуш башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүш-инновация борбору” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын уставы 5-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөрдүн укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 1 – № 28,
№ 30 – № 48, № 50 – № 52, № 954 – № 960 жол тейлөө мекемелери;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы” мамлекеттик ишканасы;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун башкармалыгы” мекемеси;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолдорунун башкармалыгы” мекемеси;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Жалал-Абад-Балыкчы автомобиль жолдорунун башкармалыгы” мекемеси;
– Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин “Ош-Баткен-Исфана автомобил жолунун башкармасы” мекемеси;
– “Жалал-Абад курулуш башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы;
– “Мамлекеттик жол-оңдоо курулуш башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башкаруу схемасы 6-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр 7-тиркемеге ылайык киргизилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
– бул токтомдо көрсөтүлгөн кайра түзүлгөн юридикалык жактарды өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
– бар болгон штаттык бирдиктерди, жер участокторун, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;
– эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте бошотулган штаттык бирдиктерди ишке орноштуруу боюнча республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбаган чараларды көрсүн;
– бул токтом менен аныкталган юридикалык жактарды белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүргүзсүн;
– бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 692 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин мамлекеттик ишканаларын өзгөртүп түзүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 509 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту жана тиркемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 539 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомунун 3-пункту жана тиркемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 9-тиркемесинин 9-пункту.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров