КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №16 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №-111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги маселелери жөнүндө” токтомунун 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жобо.docx

Төрага                                                                                А.У. Жапаров