Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турган Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2018-жылдын 30-мартындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»;
2) 2018-жылдын 30-августундагы № 410 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»;
3) 2019-жылдын 18-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө»;
4) 2019-жылдын 18-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)» өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»;
5) 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 156 «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»;
6) 2019-жылдын 11-июнундагы № 290 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»;
7) 2019-жылдын 7-октябрындагы № 524 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»;
8) 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»;
9) 2020-жылдын 3-июнундагы № 286 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Ичүүчү суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»;
10) 2020-жылдын 10-июнундагы № 324 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу».
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров |