КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3 токтому

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  21-декабрындагы № 571 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;

– ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-техникалык жана башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жобо.doc

Төрага                                                                             А.У. Жапаров