Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, кыйыр салыктарды администрациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан товарларды алып өтүү жана эсепке алынган күнүн аныктоо максатында, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пункту күчүнө кирген күндөн тартып Талас облусунун Манас районунда (“Чоң-Капка-автожол”), Чүй облусунун Панфилов районунда (“Чалдыбар автожол”), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда (“Ак-Тилек автожол”), Чүй облусунун Аламүдүн районунда (“Ак-Жол автожол”) жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына карата ушул токтомдун 1-пунктунун колдонулушу токтотулат.”.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу максатында Талас облусунун Манас районунда (“Чоң-Капка-автожол”), Чүй облусунун Панфилов районунда (“Чалдыбар автожол”), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда (“Ак-Тилек автожол”), Чүй облусунун Аламүдүн районунда (“Ак-Жол автожол”) жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарынын жанындагы жерлерди төмөнкү объекттер үчүн бөлүп берүү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзсүн:
1) транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун стационардык пункттары иштеп баштаганга чейин транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары;
2) транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун стационардык пункттарын куруу (көчүрүү, кайра багыттоо);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун пункттарынын ишин уюштуруу регламентинин маселелерин иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыксын жана транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттарын орнотуу боюнча финансы-экономикалык чыгымдарын эсептесин;
- заказчы катары чыксын, транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттарын курууну (көчүрүүнү, кайра багыттоону) камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы администрациялаган салыктар боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтсүн жана төмөнкү мамлекеттик органдарды каржылоону камсыз кылуу үчүн “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдардын суммаларын кошумча кирешелерге жараша караштырсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги үчүн ушул токтомдун 4-пунктун аткаруу жана Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибин ишке ашыруу максатында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынан реалдуу убакыт режиминде маалымат берүү мүмкүнчүлүгү менен серверлерди сатып алуу жана орнотуу максатында.
6. Ушул токтомдун 1-пункту күчүнө кирген күндөн тартып Талас облусунун Манас районунда (“Чоң-Капка-автожол”), Чүй облусунун Панфилов районунда (“Чалдыбар автожол”), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда (“Ак-Тилек автожол”), Чүй облусунун Аламүдүн районунда (“Ак-Жол автожол”) жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун колдонулушу токтотулат.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2019-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Талас облусунун Манас районунда (“Кичи-капка автожол”), Чүй облусунун Жайыл районунда (“Жайыл автожол”), Чүй облусунун Сокулук районунда (“Камышановка автожол”), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда (“Кең-Булуң автожол”), Чүй облусунун Чүй районунда (“Токмок автожол”), Ысык-Көл облусунун Түп районунда (“Каркыра автожол”) жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарынын жанында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу максатында транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу же стационардык пункттарынын объекттери үчүн жер бөлүп берүү боюнча иш-чараларды зарылдыгына жараша жүргүзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-октябрындагы № 524 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте 2018-жылдын 1-октябрына чейин Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында темир жол жана аба транспорту менен өткөрүлүүчү товарлардын (жүктөрдүн) көлөмүн эсепке алууну камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
10. Министрликтер жана ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун жоболоруна ылайык келтиришсин.
11. Ушул токтом транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар бири иштеп баштаган күндөн тартып күчүнө кире турган 1-пунктунан тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев