КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 214 токтому

Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана  өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

“Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 5, 15-беренелерине, “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы № 650 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев