КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №7 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин”, “же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон” деген сөздөр алып салынсын;

2) 1-пунктундагы “Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон” деген сөздөр “Мыйзамынын 1-беренесинин 12, 13-бөлүктөрүндө каралган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибинде:

– аталышындагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин”, “же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон” деген сөздөр алып салынсын;

– 1, 2-пункттарындагы “Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон” деген сөздөр “Мыйзамынын 1-беренесинин 12, 13-бөлүктөрүндө каралган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 2-пунктундагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“14. Сугат айдоо жерлерин “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же жер участогунун менчик ээси жер участогу жайгашкан жер боюнча Комиссияга арыз менен кайрылат.

Арызга  төмөнкүлөр тиркелет:

– арыз ээсинин - жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

 – эгерде арыз ээси жер участогунун менчик ээси же жер пайдалануучу болуп эсептелсе, жер участогуна болгон укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү;

– административдик-аймактык түзүлүштөрдү, башка аймактык объекттерди райондук пландоонун аймактык комплекстүү схемалары жана долбоорлору (мындан ары – райондук пландоо схемалары) жана калкты жайгаштыруу схемасы;

– ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн жер участогунун менчик ээси тарабынан инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө жөнүндө макулдашуу.”;

– 16-пунктунда:

биринчи абзацы “Комиссия” деген сөздөн кийин “арыз ээсинин катышуусу менен” деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“– айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз болгон жер участогуна айыл чарба чөйрөсүндө аймактык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү корутундуну;

– пайдалуу кен байлыктардын бар же жок экендиги жөнүндө корутундуну;”;

төртүнчү абзацындагы “Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги” деген сөздөр “Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“17. Райондук комиссиянын чечиминде төмөнкүдөй маалыматтар да чагылдырылат:

– жер участокторуна жеке турак үйлөрдүн курулгандыгы (пайыздык катышта) же “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү чечимдеринин бар экендиги жөнүндө; 

жана/же 

– жер участокторуна жеке турак үйлөрдүн курулгандыгы (пайыздык катышта) же “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык айыл чарбалык максаттуу багыты менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар, ошондой эле  айыл чарбасында пайдалануу үчүн жараксыз болгон жер участоктору жөнүндө.

Контурларды аныктоо “Сугат айдоо жерлерин башка категорияларга которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурда колдонулуучу “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын жерлерин инвентаризациялоонун материалдарынын негизинде жүргүзүлөт.

Контурдун курулгандыгын аныктоо үчүн Комиссия ачык картографиялык булактардын материалдарын колдонууга укуктуу, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан тиешелүү көчүрүү актысы менен бекитилүүгө жана белгилүү жер участогун трансформациялоо боюнча материалдарга тиркелүүгө тийиш.

Жеке турак үйлөр курулган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын тиешелүү чечимдери бар, мындан ары айыл чарба өндүрүшү үчүн пайдаланууга мүмкүн болбогон жер участокторун которуу контурду көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.”; 

– 19-пунктунун үчүнчү абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Президентинин” деген сөз менен алмаштырылсын;

– 20-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:

“20. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү берген материалдардын негизинде, алар ушул Убактылуу тартипке шайкеш келген учурда жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун даярдайт жана аны жерге жайгаштыруу иши менен бирге жер ресурстары жана жер укуктук мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна белгиленген тартипте киргизет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү берген материалдар ушул Убактылуу тартипке шайкеш келбеген учурда кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган он жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациядан жетишпеген материалдарды сурап алат. Андай болбогон учурда документтерди жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кайтарат.”;

– төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:

“22. Жер ресурстары жана жер укуктук мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган  ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоору менен бирге жерге жайгаштыруу ишин карайт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет.

Берилген материалдар жана жерге жайгаштыруу иши ушул Убактылуу тартиптин ченемдерине ылайык келбеген учурда жер ресурстары жана жер укуктук мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды он жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарат.

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сын пикирлерди жоюудан кийин тиешелүү материалдарды ушул Убактылуу тартипке ылайык жерге жайгаштыруу иши менен кайра киргизүүгө укуктуу.”; 

– Тартип бул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу