КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 13-январындагы №13-р тескемеси

Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына байланышкан убактылуу чектөөлөр колдонулган мезгилде чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн, ошондой эле алардын  Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий жокко чыгарылганга чейин” деген сөздөр  “2022-жылдын 1-мартына чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга маалымдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. 


Төрага                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу