Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын инвентаризациялоонун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдар менен биргеликте үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актуалдуу эмес ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таанууну караган чечимдердин долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров