КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 383 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында «Мүлк» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Конфискацияланган мүлктү натыйжалуу колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында «Мүлк» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«16. Ишканада - жалпы маселелер боюнча директордун орун басары жана коммерциялык маселелер боюнча директордун орун басары эки кызмат орду каралган.

Ишкананын директорунун орун басарлары Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат.

- бүткүл текст боюнча «директордун орун басары» деген сөздөр «директордун орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                               М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу