Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө»
Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунда:
– 1-пунктчасы «Экономика» деген сөздөн кийин «жана коммерция» деген сөздөр менен толукталсын;
– 2-пунктчасындагы «Өкмөтүнүн Аппаратынын» деген сөздөр «Президентинин Администрациясынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– алардын компетенциясына кирген маселелерди кароодо видеоконференция режиминде ЕЭКтин Коллегиясынын жыйындарына ар жума сайын катыша тургандыгы.»;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибинде:
– 2-7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан ары – Президенттин Администрациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын (мындан ары – ЕАЭБ органдары) жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча документтерди (материалдарды) алгандан кийин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын
23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентинин 21 жана 68-пункттарына ылайык эки жумуш күндүн ичинде (кошумча маселелер боюнча келип түшкөн күндөн кечиктирбестен) жооптуу мамлекеттик органдардын матрицасын түзөт жана материалдарды төмөнкүлөргө жөнөтөт:
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине – ЕАЭБ органдарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позицияларынын долбоорун, ошондой эле Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына сүйлөөчү сөздөрдүн тезистерин түзүү үчүн;
– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине – өз компетенциясынын чегинде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган башка эл аралык-укуктук актыларга шайкеш келүүсүн кароо, андан ары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине позициясын берүү үчүн;
– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине – өз компетенциясынын чегинде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкеш келүүсүн кароо, андан ары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине позициясын берүү үчүн;
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибинин 1-тиркемесине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген иш чөйрөлөр боюнча ыйгарым укуктуу органдарга – ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштамаларынын) долбоорлору, анын ичинде алардын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган эл аралык-укуктук актыларга шайкеш келүүсү боюнча позицияларды, ошондой эле ЕАЭБ органдарынын чечиминин долбоорунда белгилөөгө сунушталгандан башка эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын тизмесин даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине киргизүү үчүн;
– кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга – ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун, андан ары кароонун жыйынтыгын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берүү менен, анын ичинде алардын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган эл аралык - укуктук актыларга шайкеш келүүсүн, ошондой эле ЕАЭБ органдарынын чечиминин долбоорунда белгилөөгө сунушталгандан башка эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын тизмесин кароо үчүн.
- Эгерде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоору ишкердик субъекттеринин ишине таасир көрсөтсө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чечимдин мындай долбоорун тиешелүү чөйрөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулашат.
Бизнес-коомчулук менен талкуулоо жана коомдук талкуулоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен чечимдин долбоорун жеткире иштеп чыгуу стадиясында жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберилет жана ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формадагы позицияда көрсөтүлөт.
Жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулабаганы үчүн жоопкерчилик тартышат.
- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар зарыл болгон учурда ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашат.
- ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча позицияларды түзүүгө жооптуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын пикирлерин эске алуу менен позициясын даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөндө белгиленген мөөнөттө киргизет:
– Жогорку Евразия экономикалык кеңештин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча – 3 (үч) жумуш күндүн ичинде;
– Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча –
10 (он) жумуш күндүн ичинде.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоору боюнча позицияларды жалпылайт жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Кеңештин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындары болор күнгө чейин 5 (беш) жумуш күн мурда күн тартиби боюнча Президенттин Администрациясына макулдашууга жиберет;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигинде мамлекеттик органдар менен макулдашуу кеңешмелерин өткөрөт; - ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда
пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Президенттин Администрациясына мамлекеттик органдар менен макулдашуу кеңешмелерин өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет; - зарыл болгон учурда айрым маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кароо үчүн Президенттин Администрациясына сунуш киргизет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлеген орун басарынын (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү) деңгээлиндеги макулдашуучу ведомстволор аралык жыйындардын жыйынтыгы боюнча, Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү 2 (эки) жумуш күндүн ичинде тиешелүү протоколду түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Президенттин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашылган ЕАЭБ органдарынын жыйындары боло турган күнгө чейин үч жумуш күн мурда позициясын Евразия экономикалык комиссиясына жиберет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча позиция берилбесе, ошондой эле маселени бизнес-коомчулукта талкуулоо жөнүндө маалымат жок болсо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул тууралуу Президенттин Администрациясына кабарлайт. ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) аткарылышы үчүн жоопкерчилик жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
- ЕАЭБ маселелерин координациялоочу Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлеген орун басары (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү) менен макулдашуу боюнча:
– Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарына документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркемеге ылайык ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелерди Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кароого жиберет;
– даярдалган документтерге (материалдарга) оңдоолорду киргизет жана киргизилген өзгөртүүлөрдү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашат;
– ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын акыркы позициясын түзүү үчүн макулдашылган материалдарды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына Жогорку
Евразия экономикалык кеңештин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын боло турган жыйындарына 3 (үч) жумуш күн калганда берет;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер болсо, ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ушул мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу кеңешмесин өткөрөт.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркемеде көрсөтүлгөн Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча жүйөлүү позициясын Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнө төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жиберүүгө тийиш:
– Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча – 5 (беш) жумуш күндүн ичинде;
– Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча – 10 (он) жумуш күндүн ичинде.»;
– 8-пунктунда:
биринчи абзацындагы «вице-премьер-министри» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «Экономика» деген сөздөн кийин «жана коммерция» деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацындагы «жактырат» деген сөз «макулдашат» деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«зарылдыгына жараша ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча позицияларды Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашат же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынынын кароосуна киргизет.»;
– 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү:
– Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;
– Евразия өкмөттөр аралык экономикалык кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
– Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ЕАЭБ маселелерин тейлеген орун басарына (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсүнө) берет;
– Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жалпыланган позицияларын макулдашат жана ЕАЭБ органдарынын боло турган жыйынына төрт жумуш күн калганга чейин макулдашылган позицияны андан ары Евразия экономикалык комиссиясына жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтөт.»;
– жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде:
«тиркеме» деген сөз «1-тиркеме» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ЕАЭБ органдарынын жыйындары башталганга чейин 1 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна келип түшкөн документтер (материалдар), ошондой эле кызматтык пайдалануу үчүн документтер (материалдар) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берилиши мүмкүн.»;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«ЕАЭБ органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна кошумча келип түшкөн документтер (материалдар) боюнча мамлекеттик органдын позициясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөкөйлөтүлгөн түрдө ыкчам тартипте берилет.»;
– Тартип ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды даярдоо тартибинде:
– 6-пунктундагы «он» деген сөз «беш» деген сөз менен алмаштырылсын;
– 7-пунктунда:
биринчи жана экинчи абзацтары «Экономика» деген сөздөн кийин «жана коммерция» деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацындагы «вице-премьер-министринин» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 8, 9 жана 13-пункттары «Экономика» деген сөздөн кийин «жана коммерция» деген сөздөр менен толукталсын;
– 11-пунктундагы «Өкмөтүнүн Аппаратынын» деген сөздөр «Президентинин Администрациясынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «Экономика» деген сөздөн кийин «жана коммерция» деген сөздөр менен толукталсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кабыл алган чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө сунуштарды даярдоо тартибинде:
– 2 жана 3-пункттары «Экономика» деген сөздөн кийин «жана коммерция» деген сөздөр менен толукталсын;
– 5-пункту «Экономика» деген сөздөн кийин «жана коммерция» деген сөздөр менен толукталсын, «Премьер-министрине» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 6-пунктундагы «Премьер-министри» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «Өкмөтүнүн Аппараты» деген сөздөр «Президентинин Администрациясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров