КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №43 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:

“33. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- эсеп-фактурасын, анын ичинде салык салынуучу берүүлөрдүн өлчөмүн түзөтүүдө таризделүүчү кошумча эсеп-фактурасын тариздөө жана колдонуу тартибин;

- идентификациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматын жана курамын;

- товарларды маркалоонун методикалык эрежелерин;

- импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча жана киреше салыгы боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттордун, социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимди түзүү же мындай келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө билдирүүнүн, товарларды ташып кирүү жана импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, салык контролун жүргүзүүгө жазма буйруктардын, эсеп-фактурасынын, накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө актынын формаларын, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө аларды толтуруунун, түзүүнүн жана/же берүүнүн тартибин.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы                                                                           А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу