КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 42 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:

– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“17. Министрликте министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган, алардын бири министрдин биринчи орун басары болуп саналат. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушу жок министрдин орун басарларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу. Министр жокто анын милдеттерин аткаруу министрдин биринчи орун басарына, ал эми ал жокто орун басарлардын бирине жүктөлөт.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Төрага                                                                                    А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу