Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси:
– төмөнкүдөй мазмундагы 132-пункт менен толукталсын:
“132. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:
– имараттар үчүн жылуулук жана электр энергиясына керектөөлөрдү эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
– жаратылыш газын, жылуулук энергиясын, электр энергиясын пайдалануунун, жаратылыш газын, жылуулук энергиясын жана жылуулук алып жүрүүчүлөрдү эсепке алуунун эрежелерин;
– керектөөчүлөргө жылуулук, электр энергиясын жана жаратылыш газын берүүгө типтүү келишимдерди;
– мунайзат-газ, көмүр жана жылуулук-энергетикалык тармактар үчүн ченемдик-техникалык документтерди;
– жумуштарды жана операцияларды аткаруунун, аларды жүргүзүүнү регламенттөөнүн тартибин белгилөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;
– материалдардын ченемдерин (технологиялык параметрлердин, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн, чыгымдын
(запастын, калдыктардын) маанисинин өлчөмдөрүн, заттардын компоненттеринин жол берилген курамын, өнөр жай санитариясынын параметрлерин жана башка өлчөнүүчү чоңдуктарын белгилөө);
– энергетикалык орнотмолорду (системаларды, курулмаларды) эксплуатациялоо боюнча нускамаларды;
– электр станцияларында жана тармактарда эксплуатациялык-оңдоо жана эксперименттик-жөндөө иштерин аткарууга сметалык наркын аныктоо жана келишим бааларын түзүү үчүн прейскуранттарды, маалымдамаларды;
– электр орнотмолорун жана электр тармактарын эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эрежелерди;
– электр энергетикалык системаларды башкарууда анын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;
– электр орнотмолорун жана электр тармактарын долбоорлоодо ишенимдүүлүгүн, биологиялык жана электрдик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;
– электр энергиясын берүүгө анын сарпталышынын нормативин эсептөө үчүн нускамаларды;
– электр энергетика уюмдарынын керектөөсүнүн түзүмүнө жараша электр энергиясын таандык кылуунун номенклатурасын жана электр энергетика объекттери боюнча баланстарды түзүү талаптарын;
– электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасына карата нускамаларды;
– электр тармактарынын электр жабдууларынын техникалык абалын контролдоо жана диагностикалоо боюнча нускамаларды;
– өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн жабдуулардын жана материалдардын авариялык запастарына ишкананын муктаждыгынын нормативин эсептөө үчүн нускамаларды;
– электр жабдууларын оңдоону пландоонун жана жүргүзүүнүн тартибин;
– электр жабдууларын оңдоо иштерин аткарууда персоналдын санын, эмгек чыгымдарын, материалдардын жана запастык бөлүктөрдүн чыгымдалышын;
– электр тармактарынын көлөм түзүүчү бирдиктерин эсептөөнүн методикасын;
– электр орнотмолорун эксплуатациялоодо эмгекти коргоо боюнча нускамаларды;
– жылуулук менен жабдуу системаларына технологиялык кошулуу эрежелерин;
– электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын жоготууларынын нормативдерин эсептөөнүн методикасын;
– республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөсүнүн лимиттерин түзүү методикасын;
– отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актыларды практикада колдонуу боюнча нускамаларды, эрежелерди жана жоболорду;
– энергияны керектөөчүлөрдүн жана энергия менен жабдуучу уюмдардын ортосундагы чыр-чатактарды кароо жана чечүү боюнча эрежелерди жана жоболорду;
– электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын өздүк наркын аныктоо, тарифтерин эсептөө жана колдонуу боюнча методологиялык документтерди жана жоболорду;
– электр менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибин;
– энергетикалык компаниялардын финансылык-экономикалык ишинин көрсөткүчтөрү боюнча отчеттуулуктун формаларын толтуруу боюнча нускаманы;
– төмөнкү тизмеге ишканаларды (уюмдарды) киргизүүнүн тартибин:
электр энергиясын ири керектөөчүлөр;
электр энергиясын керектөөчүлөр-алып сатуучулар;
электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучулар-сатуучулар;
– электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын жоготууларынын нормативдерин;
– жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибин.”;
– 16-пунктунун экинчи – жыйырма бешинчи абзацтары жана
20-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров