“Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 6-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Өзгөчө жеңилдетилген салык режимине ээ болгон айрым преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров