КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №342 токтому

Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө

Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик ишканаларын укуктук жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы болуп;

2) “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин “Семетей” мейманканасы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Семетей” мейманканасы” мамлекеттик ишканасы болуп;

3) “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасы болуп;

4) “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы болуп. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– аталышындагы жана 1-5-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “Коргоо министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-сентябрындагы № 640 “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин “Семетей” мейманканасы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– аталышындагы жана 1-пунктундагы “Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин “Семетей” мейманканасы” деген сөздөр “Коргоо министрлигине караштуу “Семетей” мейманканасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-январындагы № 48 “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– аталышындагы жана 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик көмөкчү чарба” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 637 “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– аталышындагы, преамбуласындагы жана 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик соода башкармалыгы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

– жогоруда аталган мамлекеттик ишканаларды юстиция органдарында кайра каттоо боюнча ишти уюштурсун.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Төрага             А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу