Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыйыр салыктарды башкаруу механизмин өркүндөтүү максатында, Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартиби жана алардын төлөнүшүн контролдоо механизмдери жөнүндө протоколдун 18-пунктуна (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 18 тиркеме), Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы контролдук баалардын минималдык деңгээлин бекитүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 30-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 “Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 8-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров