КР Экономика жана коммерция министрлиги ЧУА долбоорун коомдук талкууга чыгарат

«Аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.  

"Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.  

"Аудитордук уюмдун иши; ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун ачыктыгы; кесипкөй аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүүнүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору. 

 "Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.  

"Аудиттин сапатына тышкы контроль жүргүзүү жана аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесипкөй аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.  

"Аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоонун стандарттарын, коштогон стандарттарды, Этика кодексин, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуунун жана жарыялоонун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору. 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо маселелери жөнүндө» 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.

"Бирдиктүү мамлекеттик реестрде аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесипкөй аудитордук бирикмелерди каттоодо, кайра каттоодо, жана Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.

"Аудит жана бухгалтердик эсеп жагынан экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит жагынан эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.

"Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим алуу программасы боюнча Окуудан өтүү тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.

"Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоонун тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору.

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоор боюнча сын-пикирлер жана сунуштар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: mail@mineconom.gov.kg,  телефон: 0312 620535 (+305, 243);

тиркеме

Тиркемелер

Басып чыгаруу