КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 382 токтому

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан объектилерди мамлекеттик менчикке кабыл алуу жана аларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү майнаптуу пайдалануу, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы Ат майдандын батыш тарабында жана Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында жайгашкан эки скважинаны мамлекеттик менчикке кабыл алсын;

- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн объекттерди жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагынын Бактуу-Долоноту айылындагы Ат майдандын батыш тарабында жана Дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында жайгашкан аянты 0,40 га жанаша жайгашкан участогун Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана наркын баалоо жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

- объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кармоо жана тейлөө;

- объекттерди сактоону жана аларды максаттуу багыты боюнча  пайдаланууну камсыз кылуу;

- Ат майданга жана Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексине ичүүчү таза сууну акысыз негизде үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу;

- “Чыгышэлектр” ачык акционердик коому менен эки скважинаны электр энергиясы менен камсыздоо келишимин түзүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер астындагы сууларды пайдалануу боюнча белгиленген талаптарды сактоо.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерге болгон менчик укугун каттоого алсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу