КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому

Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө, ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 5 күн өткөндөн кийин киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:

– ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын;

– ушул токтомго ылайык Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 97 “Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 97 “Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                               А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу