2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө расмий тилде тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Меморандумдан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
ТөрагасыА.У. Жапаров